Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты 1 күндүк эмгек маянасын Баткен областынын тургундарына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсепке которуу чечимин кабыл алды.

Андан сырткары Баткен элине жардам көрсөтүү максатында «Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Баткен эли менен!», — деп аталган ыкчам аракет көрүү штабы иш алып барып жатат.
Муктаждарды жатакана, тамак-аш, зарыл болгон буюм-тайымдар менен камсыздоого университеттин жамааты даяр.
Жардамга муктаждар жана жардам берүүнү каалагандар болсо, төмөнкү байланыш номерлерине байланышыныздар: 0770 57 21 03, 0772 24 02 50, 0552 38 48 49
Дареги: КӨЭАУ, Башкы корпус, Г. Айтиев көчөсү-27, 103-кабинет.
Нет описания фото.