Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Erasmus+ программасы
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана Грециянын Афина шаарындагы Батыш Аттика университети менен түзүлгөн Erasmus+ программасынын негизинде 2022-жылдын 9-июнунда университеттин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин жетектөөчү адиси, ф.и.к. Рустам Салимов жана «Альтэнерго» илимий изилдөө борборунун докторант-изденүүчүсү, т.и.к.,профессор Бахрамжан Расаходжаевдер Erasmus + “Staff Mobility for Teaching” программасынын алкагында лекция окуп, жогоруда аталган университеттин илимий лабораториялары, илимий изилдөө борборлору менен таанышып, өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатып келүү максатында 1 жумалык мөөнөткө Батыш Аттика университетине барышты.
Алгач окуу жайдын башкы корпусундагы эл аралык байланыштар болүмүндө Erasmus+ программасынын кординаторлору Фани Папоутси жана Ирене Ватоу менен жолугушуулар жүргүзүлдү жана аларга университет жөнүндө слайд, видеороликтер көрсөтүлүп, керектүү маалыматтар берилди, ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эл аралык академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү маселелери талкууланды.
Суйлөшүүлөрдөн кийин долбоорго тиешелүү болгон иш-кагаздары толтурулуп, белектер тапшырылды.
Батыш Аттика университетинин кызматкерлери Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин атынан барган конокторго шаардын кооз жерлери, окуу жайдын кампустары менен тааныштырышты.
Ошондой эле жогоруда аталган университетте Erasmus+ эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окуп жаткан КӨЭАУнин студенттери менен жолугушушту.
Эртеңден баштап окутуучулар өздөрүнүн багыттары боюнча лекцияларды окуп, илимий окуу лабораториялар менен таанышышат.
Батыш Аттика университети студенттердин саны боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турат.




