Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган бүтүрүү кечеси өттү.
Аталган бүтүрүү кечесине университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к. Сыргак Сарыков, илимий иштер боюнча проректор, т.и.д. Медербек Исманов, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Жумагүл Жээнтаева баш болгон мугалимдер жамааты катышты.
Окуудагы жетишкен ийгиликтери, маданий-массалык иш-чараларда активдүүлүгү менен айырмаланган бүтүрүүчүлөргө жана студенттерге университеттин, факультеттин Ардак грамоталары, Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Кече, концерттик программа менен коштолду.




