Бүтүрүүчү курстар үчүн «Бош иш орундары жарманкеси» өттү

2020-жылдын 15-декабрында Кыргыз-Өзбек университетинин акыркы курстагы студенттери үчүн «Бош иш орундары жарманкеси» онлайн форматта өткөрүлдү.
Аталган жарманкеге КӨУнун ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков , Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана бүтүрүүчүлөр катышты.
Жарманкеде Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан бош иш орундары тууралуу маалымат берилип, суроо-жооп, пикир алмашуулар менен коштолду. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн башын бириктирген ватсап тайпа түзүлүп, бош жумуш орундары боюнча маалыматтар берилип турмак болду.
Эскерте кетсек «Бош иш орундары жарманкеси» жыл сайын окуу жайдын демилгеси менен, шаардык деңгээлде өткөрүлүп келет.