Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу
2022-жылдын 22-апрель күнү тарых-филология факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен «Менин кесибим-менин келечегим» аттуу жолугушуу өткөрүлдү.
Университеттин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, бүтүрүүчүлөр менен жолугуушуларды өткөрүү жана алар менен ыраттуу түрдө иштөө — бул университеттин, факультеттин динамикалуу өнүгүшү, жана социалдык миссиясын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн өз ара пайдалуу процесси экендигин белгиледи. Ошондой эле университеттин жетишкендиктери, окуу жараянын компетенттүү мамилеге негиздеп окутуудагы тажырыйбалар, кредиттик технологиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндап, жолугушуунун катышуучуларына көз карандысыз аккредитациялык талаптар тууралуу айтып берди.
Тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова жолугушууга келген бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирүү менен бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын түзүлүшү бул дүйнө жүзүндөгү көптөгөн белгилүү университеттерге мүнөздүү ийгиликтүү практика экендигин баса белгиледи.
Багыттардын НББПсынын мазмунун өркүндөтүү менен коомдун жана өлкөнүн жогорку квалификациялуу илимий педагогикалык кадрларга болгон керектөөлөрүн канааттандырууда бул өңүттөгү жолугушууларды өткөрүп туруу бүгүнкү күндүн талабы экенине токтолду. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн ой пикир, сунуштары кесиптик өз ара жардамдашууга жана карьералык өсүүгө мүмкүнчүлүк берет деген пикирин билдирүү менен факультеттин ийгилиги, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери, кафедралардын ишмердүүлүктөрү жана студенттердин жигердүү аракеттери тууралуу маалымдады.
Кафедра башчылары НББП боюнча баяндамаларды жасашты. Магистратура бөлүмүнүн жетекчиси Сюита Жусуева бүтүрүүчү курстун студенттерин магистратурада окууларын улантууга үгүттөө менен магистратура бөлүмү тууралуу маалымат берди.
Жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр ааламдашуу жана маалымат технологияларынын өнүгүү шартында учурдун жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоодо студенттерде практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга көбүрөөк басым жасалса, ошондой эле окуу планына “Ишкерликтин жана бизнестин негиздери” деген дисциплинаны кошсо жана болочок мугалимдердин ЖРТга окуучуларды даярдай алууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында аналогияны окуп түшүнүү боюнча атайын курстар өтүлсө деген баалуу пикирлерди билдиришти.




