Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү
Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү
Бүгүн, 25-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Өз кесибиңдин мыктысы бол» аталышында бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрү чакырылып, окуу жайдын бүтүрүүчү курстары менен кенен баарлашуу болду.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков университеттин жалпы бүтүрүүчүлөрү боюнча маалымат берип, алар бүгүнкү күндө жоопту кызматтарда татыктуу иштеп жатышканына токтолду.
Ал эми бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн студенттик күндөрү, жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Соңунда бүтүрүүчүлөргө окуу жайдын ыраазычылык каты тапшырылды.
Аталган иш-чараны Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти, мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү уюштурган.




