Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди
Бүгүн, 24-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилим-ыйыгым” аттуу адабий-музыкалык иш чара өттү.
Алгач Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырып, келген конокторго таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Иш чаранын жүрүшүндө ар улуттун тилин даңазалаган ырлар көркөм окулуп, улуттук бийлер аткарылып, сахналык көрүнүштөр менен коштолду.
Соңунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий иштери боюнча проректору Медербек Исманов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева куттуктоолорун айтышып, иш чаранын активдүү катышуучуларына Ардак грамоталарды тапшырышты.
Аталган иш чара кесиптик колледж тарабынан уюштурулду.




