«Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүнө арналган конкурс жыйынтыкталды

🌎»Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүнө арналган конкурс жыйынтыкталды 📌КӨУнун чет тилдери кафедрасы тарабынан уюштурулган «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүнө арналган көркөм окуу боюнча 1-курстар арасында конкурс жыйынтыкталды. 📌Аталган конкурска англис тили багытында билим алып жаткан студенттер эмес, башка багыттагы (адистиктеги) билим алып жаткан 1-курстун студенттери катышты. 📌Башка багытта билим алганына карабай, студенттер конкурстун шарттарын так аткаруу менен, активдүү катышып, англис тилине болгон кызыгууларын көрсөтө алышты. 📌Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 3-орунга Осмоналиева Клара ЕНО (Б)-1-19 тайпасы,2-орунга Шамамат кызы Зарина ЕНО(Б)-1-19 тайпасынын студентти ээлик кылды. Ал эми 1-орунга Имадинова Надира ИВТ-2-19 тайпасынын студентти жетишти. Активдүү катышкан студенттер 1-2- 3-даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.