Бүгүн, 30-июнда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин 10-отуруму болуп өттү.
Бүгүн, 30-июнда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин 10-отуруму болуп өттү.
Окуу жылын жыйынтыктоочу бул отурумга университеттин профессордук-окутуучулар жамааты толук катышты.
Жыйында акырына чыгып бара жаткан окуу жылында уюштурулган мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жыйынтыктары боюнча окуу департаментинин директору, экономика илимдеринин кандидаты Алишер Юсупов маалымат берди. Департамент башчысы ошондой эле жаңы окуу жылына карата алдын ала бөлүштүрүү менен тааныштырды. Баяндама суроо-жооптор менен толукталып, жактырылды.
Ага улай эле университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев соңуна чыгып бара жаткан окуу жылында кабыл алынган Окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ага улай эле окуу жылынын башында кабыл алынган баардык түзүмдөрдүн иш планынын аткарылышына көңүл бурду.
Пландалган иштердин аткарылбай калгандарынын себептерин тактады. Сандан сапатка өтүү мезгил талабы экендиги баса белгиленип, Окумуштуулар кеңешинин отуруму жыйынтыкталды.




