Бүгүн 3 факультет биргелешип кабыл алуу Ыйгарым аземин өткөрдү
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык, инженердик-технологиялык, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультеттери биргеликте 1-курстарды кабыл алуу Ыйгарым аземин өткөрдү.
Ыйгарым аземине окуу жайдын жетекчилери, факультеттердин декандары катышып 1-курстарды куттуктап, алдыдагы окууларына ийгиликтерди каалашып, окуу китепчесин, студенттик билет, билим ачкычын тапшырышты.
Иш чара 1-курстардын ант берүү салтанаты менен уланып, аталган факультеттердин 1-курстары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Соңунда 3 факультеттин бүтүрүүчү курсунун студенттери окуткан мугалимдерине ыраазычылыктарын билдиришип, жалпы 1-курстун студенттерине куттуктоо сөздөрүн айтышты.




