Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жамааты бирге ооз ачты.

Ыйык Рамазан айынын урматына карата уюштурулган ооз ачуу кечесин университеттин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жана профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манапович демилгелеген.
Аталган ооз ачуу кечесине окуу жайдын проректорлору, түзүм жетекчилери баштаган жамаат келип катышты.
Соңунда университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жалпы жамаатты Рамазан айы менен куттуктап, кармаган орозоңуздар кабыл болсун деген каалоосун билдирди. Буга улай эле өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга токтолуп, мамлекетибизде тынчтык болуп, элибизде бейпил турмуш орносун деген тилегин айтты.
Андан соң окуу жайдын аксакалы, кесиптик лицейдин директору Карим Маматович бата берип, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенип жүрүп каза болгон маркумдарга багышталып Курал окулуп, ооз ачуу иш-чарасы жыйынтыкталды.