Бүгүн Ош шаардык мэриясы, Шаардык Кеңештин депутаты, «Жаш Аракет» проектиси, «Интербилим»борборунун окүлдөрүнүн катышуусунда…

Бүгүн Ош шаардык мэриясы, Шаардык Кеңештин депутаты, «Жаш Аракет» проектиси, «Интербилим»борборунун окүлдөрүнүн катышуусунда «Миграцияга чыгуунун алдын алуу жолдору» темасында Кесиптик лицейде окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.Бул жолугушууда «Жаш Аракет» проектиси тарабынан жасалган инсталляция белекке берилди. Мында чет жакка чыгаар алдында атуул өз укуктарын билүүсү, чет жакка чыгуу үчүн керектүү иш-кагаздар (эмгек келишим, медициналык полис, легалдуу жумушка орношуу) түшүндүрүлүп, буклеттер таркатылды.