Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Аял, дин, шариат мыйзамдары, келечектин күзгүсү»

аталышындагы студенттик форум болуп өттү
Аталган форумга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аялдар кеңешинин төрайымы Жийдегүл Жээнбекова, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдилла Сарыбаев, эжекелер, студент кыздар катышты.
Иш-чара юридика-бажы факультети тарабынан уюштурулуп, башында юридика-бажы факультетинин деканы сөз сүйлөп, келген конокторду тааныштырып, өзүнүн кызыктуу баяндамасын жасады. Андан соң атайын чакырылган конокторго сөз берилди.
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдилла Сарыбаев аялзатынын коомдогу орду, эненин бала үчүн тарткан түйшүктөрү деген темалардын үстүндө баян жасап берди.