Бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш-чарасы өттү

бүгүн, 18-май күнү Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто окуу жайларынын педагогикалык адистиктерине ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №494/1(16.04.2021-ж) буйругуна ылайык 2020-2021-окуу жылында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин педагогикалык кесипке ээ болуп жаткан бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү.
2020-2021-окуу жылында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү министрлик тарабынан бекитилген графикке ылайык жүргүзүлдү.
Бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы милдеттери боюнча КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков кенен маалымат берди.
Бүтүрүүчүлөрдү мектептерге бөлүштүрүү иш-чарасына Ош Билим берүү институтунун башкы адиси Исираилова Венара Нурдиновна, Ош шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Давыдова Венара Загитовна, Алай районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ибирайимов Шарабидин Мажитович ошондой эле Ош обласындагы бардык райондорунун Билим берүү бөлүмдөрүнүн атайын адистери келип катышты. Андан сырткары Ош шаарындагы жана райондордогу мектептердин директорлору катышып, жаш адистерди бирге иштешүүгө үндөп кетишти.
Учурда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктер боюнча 125 бүтүрүүчү мамлекеттик сынактарын тапшыруу алдында турушат.
Мамлекеттик сынактарын ийгиликтүү тапшырышкандан кийин бөлүнгөн мектептерине барып жумушка жайгашуусу каралат. Жумушка жайгашкан күндөн тартып үч жыл иштегенден кийин дипломдору берилет.