Бош орундар жарманкеси өттү
Рынок экономикасынын шартында баардык мекеме-уюмдар ар бир кызмат ордун атаандаштыкка туруштук берип, аткарган ишинде жаңылыктарды жарата алган компоненттүү адистер менен камсыз кылууга аракет кылат.
Бул багытта Ош облустук жана шаардык ишканалардын кызмат орундарын жаңы көз караштагы жигердүү жаш адистер менен толуктап турууну Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети колго алып, педагогикалык, экономикалык, юридикалык, инженердик багыттагы бүтүрүүчүлөрүнө Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жергиликтүү ишканалардын жетекечилиги менен биргеликте бош орундарды ар жыл сайын сунуштап турат.
Салттуу иш-чараны улап, 2021-жылдын 20-майында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети “Бош орундар жарманкесин» уюштурду. Жарманкеге орто жана жогорку билимдүү бүтүрүүчүлөргө жумуш ордун сунуштай турган ишканалардан атайын өкүлдөр келип катышты.
Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору, доцент Топчубай Исаков ачып, өткөрүлүп жаткан иш-чара боюнча түшүнүк берди. Ага улай эле келген коноктор тарабынан бүтүрүүчүлөргө сунушталып жаткан иш орду боюнча маалыматтар айтылды.




