«Бош иш орундары жарманкесин» 2019-жылы эки жолу шаардык деңгээлде өткөрдүк!
Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинде КРнын Эмгек ж-а социалдык өнүгүү министрилигинин Ош шаардык эмгек ж-а социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте » Бош иш орундары жарманкеси 2019″ иш чарасын өткөрдүк. Жарманкени КӨУнүн ректору, профессор Ч.К.Райымбаев ачып берип, атайын бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулуп, ишке жайгашуусуна көмөктөшүп жаткан жакшы иштердин бири болуп жаткандыгын белгилеп кетти. Ошол эле учурда мындай жарманкени жаз айларында дагы өткөрүлүп туруусун айтып өттү. Ошондой эле иш чарага Ош шаардык эмгек ж-а социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр-иш издөөчүлөр катышты. Жалпы 500дөн ашуун бош ваканттык орундар бүтүрүүчүлөргө сунушталып, суроо- жооптор менен коштолуп, 550дөн ашуун бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда болуп өтүп, КӨУнүн маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
А.э. жарманкенин 2чи бөлүгү иш берүүчүлөр менен иш издөөчүлөрдүн ортосундагы мамиле, укуктук , ишке орношуу боюнча ж.б. темада семинар тренинг өткөрүлдү. КРнын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Байитович , жогорудагы аталган башкармалыктын өкүлү Жаркын Нурдинович, Карьера борборунун жетекчиси Сагынбек Базарбаевич жана иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр катышышты. Семинар кызыктуу суроо-жооп менен коштолуп, эки тараптуу сунуш пикирлер менен кошо, уюштуруучуларга катышуучулар тараптан ыраазычылыктар айтуу менен жыйынтыкталды. Баардык келип берген жана жакшы кайрылуу сөздөрүн айткан жетекчилерибизге, конокторго, иш чарабызды чагылдырып берген ОшТВ, ОшПирим ж.б. ММК жетекчилерине, жамаатына ыраазычылыгыбызды билдирип кетмекчибиз!