Билим күнү белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде билим күнү белгиленди. Салтанатка 2021-2022- окуу жылына карата сынактан ийгиликтүү өтүп, биринчи курска кабыл алынган студенттер, алардын ата-энелери, университеттин жетекчилиги жана окумуштуу-окутуучулар курамы, студенттик кошуундун активистери катышты.
Майрамдык жыйындын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев бир жарым жыл аралыгында дүйнө элин дүрбөлөңгө салган пандемиянын шартында билим берүү ишмердигин узгүлтүккө учуратпай, университет аралыктан окутууну ийгиликтүү жүргүзүп келгендигине токтолду.
2021-2022-окуу жылынын салттык окуу режиминде башталышын окуу жайдын жетекчилиги, окумуштуу-окутуучулар курамы мыкты даярдыкта күтүп алгандыгын белгиледи.
Окуу жайдын босогосун жаңы аттап жаткан студенттерге факультеттердин жетекчилигин тааныштырып, студенттердин окуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Ага улай эле факультеттердин жетекчилери, жыйынга катышкан ата-энелер, студенттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин билим берүү ишмердигиндеги артыкчылыктарга токтолушту.
Мындан нары карай да өнүгүү жолунун уланышына ишенимдери чоң экендигин билдиришти.
Ушундай эле иш чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин экинчи окуу имаратында дагы болуп, университеттин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков студенттерге университет тууралуу кенен маалымат берди.
Иш чара маданий-эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.