БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА арналган “ЖЕҢИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ” аттуу СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛЫН өткөрөт
- Фестивалга республикабыздын жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы таланттуу студенттер катыша алышат.
- Фестиваль 27-апрелден 10-майга чейинки аралыкта өткөрүлөт.
- ФЕСТИВАЛДЫН МАКСАТЫ:
- Студенттердин арасында Улуу Ата Мекендик согушта жеңүүчү болгон ата-бабаларыбыздын эрдиктерин данктоо, ардагерлерге карата сый-урматты калыптандыруу;
- Жаштардын арасында мекенчилдикти жана атуулдук тарбияны күчөтүү. Мекенди коргоого, өнүктүрүүгө, сүйүүгө үндөө;
- Интернационалдуулук, толеранттуулук баалуулуктарын жайылтуу, жаштардын нравалык, руханий деңгээлин жогорулатуу;
- Жаштардын мамлекет алдындагы жарандык жоопкерчилигин арттыруу;
- Студенттер арасында таланттарды табуу жана чыгармачылыгына шарт түзүү.
- ФЕСТИВАЛДЫН ПРОГРАММАСЫ:
- ЖЕҢИШ, ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК, ЭРДИК, ЭМГЕК жөнүндөгү ырларды көркөм окуу (2 мүнөткө чейин);
- Согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды аткаруу (3 мүнөткө чейин);
- Согуштагы жана тылдагы чоң ата, чоң энелерибиздин эрдигин жана эмгегин чагылдырган чыгармалардан монологдорду, диалогдорду аткаруу (3 мүнөткө чейин);
- Студенттер арасында онлайн режиминде “ӨЛБӨС ПОЛК” эстафетасын өткөрүү. (Ар бир окуучу өзүнүн чоң ата, чоң энесинин сүрөтүн көрсөтүп, эрдигин айтып берүү) (2 мүнөткө чейин);
- СОГУШ, ЖЕҢИШ, ТЫНЧТЫК темасындагы видео-роликтерди (2 мүнөткө чейин) жана сүрөттөрдү тартуу;
Эскертүү: Ар бир студент программа боюнча өзүнүн чыгармачылык изденүүсүн, фантазиясын эркин чагылдырса болот. Эң башкысы коомго позитивдүү дух берүү керек.
Видео материалдарды, тексттерди ФЕЙСБУК, ИНСТАГРАММ баракчаларына #АРДАГЕРЛЕРДИН ЭРДИКТЕРИН ДАНКТАЙБЫЗ деген хэштег менен жайгаштырат;
Онлайн фестивалга катышкан өзгөчөлөнгөн студенттерге республикалык фестивалдын лауреаты, дипломанты деген наамдар берилет.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА арналган
“ЖЕҢИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ” аттуу
СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛЫН өткөрөт