Биз Жеңишти түбөлүккө даңктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата «Биз Жеңишти түбөлүккө даңктайбыз» аттуу адабий-музыкалык кечеси болуп өттү.
Адабий-музыкалык кечеге университеттин илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Медербек Исманов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Жумагүл Жээнтаева баштаган факультеттин жамааты, студенттер катышты.
Иш-чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.