Биз жеңишти даңктайбыз жана Мекенди коргойбуз
2021-жылдын 8-майында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин педагогикалык сабактар бирикмесинин окутуучулары жана студенттери тарабынан 9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим кылуу, аларды эскерүү жана жасаган эрдиктерин эч качан унутпоо, Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо, патриот, гумандуу болууга чакыруу максатында «Биз Жеңишти даңктайбыз жана Мекенди коргойбуз» деген аталыштагы жеңиш жүрүшү болуп өттү.




