Биздин бүтүрүүчүлөр

Кафедра өз тарыхында экономика багыты боюнча, өлкөбүздүн жана коңшулаш өлкөлөрдүн миңдеген жаштары жогорку билимдүү кесипке ээ болушту. Унверситет эл аралык окуу жай макамына ээ болгондуктан, учурда  жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн граждандарыда да  билим алышууда.  «Каржы жана насыя», «Экономика жана ишкананы башкаруу», «Салык жана салыкка тартуу» адистигинин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын булуң-бурчтарында мамлекеттик кызмат орундарында, бизнес түзүмдөрүндө, башкаруу органдарында жана  чет өлкөлөрдө да үзүрлүү эмгектенип жатышкандыгы маалым. Биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөр: Кадыралиев С.К.- КР ЖК IV чакырылышынын депутаты,  Бакиров Ө.М.- КР ЖК V,VI чакырылыштарынын депутаты, Азимов Ж.М.- Ош шаарынын вице-мэри, Исмаилова Н.Р.- Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы, Давыдов И.У. — РМСУнин «Экономика жана менеджмент» кафедра сынын башчысы, Юсупов А.Ш.-КӨУ окуу департаментинин директору, Чалиев О.- «О» уюлдук компаниясынын Жалал-Абад областы боюнча директору, Сотволдиева М.- КӨУ «КжБ» кафедрасынын доценти, Арынова Н.- КӨУ “ЭБЭжСИ” кафедрасынын доценти, Муртазаев А.-КӨУнин КЭФнин деканынын орун басары, Абдиева А. – Бишкек ОАО “Оптима банк” директорунун орун басары , Умурзаков Д. –  көрүнүктүү жеке ишкер болсо, Каримов Д.- «Аман банк» касса башчысы, Давлетшина Е.- КӨУнин ага окутуучу, Мингараева Р. – КӨУнин ага окутуучу, Салимов С.- «KIYIZ GROUP»  компаниясынын директору  кызматтарында эмгектенип жатышкандыгы анык. 2018- жылдын 12- апрелинде  каржы- экономика факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциацасы уюшулуп, анын төр агасы болуп Канатбек уулу Талантбек дайындалган.