Белгилүү коомдук ишмер, дипломат жана окумуштуу Батырали Сыдыковдун 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Бүгүн, 28-октябрь белгилүү коомдук ишмер, дипломат жана окумуштуу Батырали Сыдыковдун 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция Кыргыз-Өзбек университетинин маданий-эстетикалык комплексинде болуп өттү. Батырали Сыдыковдун 80 жылдыгы Ош шаарында белгиленишине Кыргыз-Өзбек университетинин жамаатынын да кошкон салымы чоң экендиги коноктор тарабынан белгиленди. Илимий конференцияга замандаштары, бирге иштешкендер, учурдагы шаардык жана облустук бийликтин башчылары, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен атайын өкүлдөр, туугандары, жакын санаалаштары келип катышты. Конференцияны КӨУнун ректору, профессор Ч.К. Райымбаев ачып берди. Илимий докладдар окулуп, сүрөт көргөзмө уюштурулду.\