«Бала жылмайса, аалам жылмаят”
1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжи “Бала жылмайса, аалам жылмаят” аталышындагы майрамдык иш- чара уюштурду.
Балдар дүйнөсүнө арналган салтанат ар бир ата-эне үчүн болгон баланын оорду, алар үчүн бала берилген кубаныч, ата-эненин балдарды камкордукка алуу милдетин чагылдырган поэтикалык саптар менен ачылды.
Андан соң Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Академия детсво” билим берүү комплексинин балдары балдардын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, дүйнө таанымы, табигый жөнөкөйлүгүнө байланышкан ырларды көркөм окуп, иш-чараны улантышты.
Эл достугунун алтын көпүрөсү катары таанылган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде балдар дүйнөсүнө арналып өтүп жаткан иш-чарада ар бир элдин өзгөчөлүгү, улуттар аралык ынтымак чагылдырылды.
Университеттин жана колледждин жетекчилиги тарабынан уюштуруучуларга ыраазычылык айтылып, дүйнөдөгү баардык балдар бекем ден соолукта куунак жашасын деген тилектердин айтылышы иш-чараны жыйынтыктады.




