А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети менен эки тараптуу кызматташтык келишими түзүлдү
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичтин башчылыгында университеттин расмий өкүлдөрү эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна жана окуу департаментини директору, доцент Юсупов Алишер Шавкатбековичтердин Россия Федерациясынын Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы ЖОЖдор менен кызматташууну күчөтүү максатында болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы 225 жылдан ашуун тарыхка ээ А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинде болушту.
Университет 1797 жылдан тартып өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Россия Федерациясынын эң алдынкы ЖОЖдорунун бирине кирет. Аталган университетте 400 дөн ашуун илимдин докторлору 1000ден ашуун илимдин кандидаттары эмгектенишет. Университеттин миссиясы –заманбап шарттарда 3 миң жылдыктын башталышына мүнөздүү болгон жаңы баалуулуктарды жана ата мекендик билим берүүнүн мыкты салттарын чагылдырып, заманбап маданий практикада анын көрүнүштөрүнүн ар түрдүүлүгүндө адам өзүн-өзү аныктоо мейкиндиги катары университетти курууга герцендиктердин жамаатын багыттайт деген идеологиянын негизинде түзүлгөн.
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жана А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулуп, университеттин ректору, профессор Тарасов Сергей Валентинович өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди жана эки тараптуу илимий потенциалды жогорулатууга багытталган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.
Суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтык келишимдери түзүлдү. Келишимдердин негизги максаты эки университеттин ортосунда достукту чыңдоо, биргелешкен илимий конференция жана семинарларды өткөрүү, студенттер жана окутуучулар ортосунда эл аралык академиялык мобилдүүлүктү жолго коюу, бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүнө педагогика адистиги боюнча 2+2, 1+1 окуу программаларын ачуу, ошондой эле орус тилин өркүндөтүү боюнча ПОЖдун квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу болуп саналат.




