Афинанын Политехника университетинен келген профессор Кыргыз-Өзбек университетинде…
Афинанын Политехника университетинен келген профессор Аксопол Петрос Кыргыз-Өзбек университетинде болду. 3 күн аралыгында инженердик-технологиялык факультетинде конок лекция окуп, окуу жай менен таанышып чыкты. Бүгүн, Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинде болуп кайтты. Эскерте кетсек, эки окуу жай ортосунда «Эрасмус+» программасы менен студенттер жана окутуучулардын тажырыйба алмашуусу үчүн келишим түзүлгөн.