Кесиптик колледжинин «Маалыматтык технологиялар, энергетика жана транспорт» бирикмесинде ата-энелер чогулушу болуп өттү.

Ата-энелер менен чогулуш

9-май күнү Кесиптик колледжинин «Маалыматтык технологиялар, энергетика жана транспорт» бирикмесинде ата-энелер чогулушу болуп өттү.
Ата-энелер менен болгон чогулушка Кесиптик колледжинин директору, т.и.к. Бакиров И.А. Табигый-Техникалык бөлүмүнүн тарбия иштери боюнча директордун
орун басары Сажида Эрмекбава, Табигый-Техникалык бөлүмүнүн башчысы Мамышов А.А. катышышты.
Ата-энелер менен болгон чогулушта төмөнкү маселелер каралды:
1. Кырдаалга байланыштуу аралыктан окуу процессинин уюштурулушун жана жүрүшүн көзөмөлдөө
2.Ата-энелер үй шартында студенттердин аралыктан билим алуусуна түзүлгөн шарттары
3. Студенттер тарабынан болгон кайтарым байланышты күчөтүү
4.Ар түрдүү маселелер
Ата-энелер суроолоруна тиешелүү жоопторду жетекчилик тарабынан алышты. Негизинен уюштурулган чогулуш өз максатына жетти.