Ата-энелер менен жолугушуу кечеси өттү
Кечээ, 11-май күнү тарых-филология факультети тарабынан «Инсанга багыттап окутуудагы ата-эненин ролу» аталышында ата-энелер менен жолугушуу кечеси өттү. Аталган жолугушууга окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Топчубай Эргешов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Акмарал Тентимишова, тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова, кафедра башчылары, ата-энелер жана студенттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелерге окуу жай тууралуу анын ичинде тарых-филология факультети боюнча кенен маалыматтар берилди. Андан соң окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерде активдүү жүргөн студенттердин ата-энелерине факультет тарабынан Ыраазычылык кат, студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Ата-энелер багыттардын негизги билим берүү программаларынын мазмунун өркүндөтүүдө өзгөчө мааниге ээ боло турган олуттуу сунуштарын берүү менен университеттин жетекчилигине, факультеттин профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылыктарын билдиришти.
Иш-чара таланттуу студенттер тарабынан ата-энелерге арналып даярдалган концерттик программа менен коштолду. Соңунда тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова келген конокторго, ата-энелерге ыракматын айтып, дайыма тыгыз иш алып барууга үндөдү.




