Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген агайлардын урматына 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык кече өттү.
Иш чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультетинин эжекелери тарабынан уюштурулду.
Майрамдык салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, мугалимдер жамааты катышып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.




