Ала-Бука кесиптик колледжинде Баткен окуясы эскерилди
Бүгүн, 24-октябрь Кыргыз-Өзбек университетинде Ала-Бука кесиптик колледжинин окутуучулары жана студенттери тарабынан Баткен окуясын эскерүү максатында райондук деңгээлде адабий-музыкалык кече уюштурулду. Жолугушууга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, аким Эмилбек Абдыкадыров жана аскер комиссариаты, Баткен коогалаңынын катышуучулары, социалдык жардам башкармалыгынан өкүлдөр келип катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен коогалаңынын катышуучуларына сыйлыктар тапшырылып, студенттер тарабынан даярдалган ыр-бий, сахналык көрүнүштөр аткарылды. Кечени колледждин төрайымы Козукулова жана Азимкуловалар уюштуруп, жетектеди.ъ