Акыл таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү
2021-жылдын 15-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде акыл-таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Оюнга жалпы 9 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунга юридика-бажы факультетинин «Астрея» командасы, 2-орунга инженердик-технологиялык факультетинин «Антарес» командасы жетишип, 3-орунду кесиптик колледждин «Келечек» командасы багындырды.
Жеңүүчүлөргө диплом, акчалай жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Аталган иш-чара КӨЭУнун студенттик жаштар комитети тарабынан өткөрүлдү.




