Акыл таймаш

Акыл таймаш

Бүгүн 5-ноябрь күнү «10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө» карата Кыргыз-Өзбек Университетинде Жаштар комитети тарабынан факультеттер аралык “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Оюнга жети команда катышты. Алар: ТПФ, ИТФ, КЭФ, ТФФ, ЮБФ, Кесиптик колледж, медициналык коллежден чыккан командалар ойноду. Ал эми калыстар тобуна Сагынбек Маманов, Элдияр Жаныбеков жана башкалар өз калыстыгын көрсөтүштү.

Оюн үч турдан өттү:

1) Кыргыз-Өзбек университети туралуу суроолор

2) Аралаш суроолор

3) Логикалык суроолор

Табигый Педогогикалык факультетинен Забида, Нуркыз, Жеңишбек, Данияр, Бекмамат аттуу студенттер катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду  ТПФнын «Шедевр» командасы, 2-орунду Кесиптик колледжинин «Жаштар» командасы, ал эми 3-орунду КЭФтин «Форворд» командасы багындырды. Ошондой эле алар өз ара сыйлыктарга ээ болушту. ТПФнин 3-курсунун студенти Гүлмаматова Забида «Мыкты оюнчу» наамын жана команда «1-даражадагы Диплом» жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Студенттердин алган сыйлыктары кут болсун. Кыргыз-Өзбек университетинин жаштар комитетине жана анын төрагасы Ыманбек Нурдиновко ыраазычылык билдиребиз.

ТПФнын студенттери.