Академик Абылабек Асанканов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде
Академик Абылабек Асанканов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде
КР УИАнын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанканов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине «Дүйнө жүзүндөгү анын ичинде Кыргызстандагы этникалык процесстин жүрүмү» деген темада мазмундуу конок лекция өтүп берди.
Конок лекция тарых-филология факультетинин тарых жана философия кафедрасы тарабынан уюштурулуп, жалпы 4 факультеттин студенттери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер тарабынан суроолор берилип, маанилүү жана кызыктуу жоопторду ала алышты.
Андан соң академик Абылабек Асанканов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин кабыл алуусунда болуп, билим берүү багытында ойлорун ортого салып, мындан ары дагы илимий багытта биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.




