“Адам укугу-жаран укугу”

“Адам укугу-жаран укугу”
10-декабрь-Эл аралык адам укугу күнүнө карата жана мамлекет кепилдеген юридикалык акысыз жардам көрсөтүү мамлекеттик декадасынын алкагында “Адам укугу-жаран укугу”, “Адам укугу-аял укугу”, “Адам укугу-үй-бүлө укугу” аталышында студенттик акция уюштурулду.
Акция юридика-бажы факультетинин юридикалык клиникасы тарабынан уюштурулуп, студенттер коомдук жайларда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, адам укуктары жеке жарандык укуктар тууралуу керектүү маалыматтар менен бөлүшүп келишти.
Андан сырткары факультетте “Адам укугу-менин, сенин укугуң” деген теманын тегерегинде тайпалар арасында дубал газеталардын сынагы, “Мен өз укугумду билемин” аталышында студенттердин командалык жарышы өттү.