“Автордук укук жана Интернет»

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, инженердик-технологиялык факультети менен IPcnain эл аралык автордук инновациалык ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын биргелешкен жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайларда иштеп жаткан окумуштуу ойлоп табуучулар, чыгармачыл адамдар жана автордук укуктун корголушу боюнча иш алып барган эл аралык адистер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик ээлери кимдер боло тургандыгы, алардын укуктарынын кепилдикке алынышы тууралуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар агентигинин кызматкерлери, алар менен тыгыз иш алып барышкан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги, эл аралык адистер тарабынан кеңири маалымат берилди.
Андан соң ойлоп табуучулар жана чыгармачыл адамдар тарабынан белгиленген автордук укук багытындагы кайдыгерлик жана көйгөйлүү маселелер ортого ташталды.
Өлкөбүздүн патенттик системасы, ителлектуадык менчиктин санариптик чөйрөдө корголушунун усулдук жол-жоболору каралды.
Жыйындын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетиндеги инженердик-технологиялык факультети тарабынан даярдалган “FASHION-2022” көргөзмөсү менен таанышып чыгышты.
Жыйынга катышкан интеллектик менчик жаратмандары өздөрү үчүн пайдалуу маалыматтарды алгандыктарын белгилешти.
Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен IPchain эл аралык автордук ассоциациясынын ортосунда биргелешип иш алып баруу максатында эки тараптуу келишим түзүлдү.