«Аалам алпы-Айтматов», -аттуу адабий иш чара өттү
Бүгүн, 15-декабрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде 12-декабрь улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Аалам алпы-Айтматов», -аттуу адабий иш чара өттү.
Аталган иш чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков, кесиптик колледждин жетекчилиги, мугалимдер катышты.
Ич чара эки бөлүктөн туруп, 1-бөлүгүндө Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча илимий баяндамалар жасалды.
Ал эми экинчи бөлүгүндө Айтматовго арналган ырлар көркөм окулуп, чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, обондуу ырлар менен коштолду.
Иш чараны тил жана табигый сабактар бирикмесинин улук окутуучусу Жаркынай Кармышова даярдап, уюштурган.




