«Ааламдашуу доорундагы үй-бүлөлүк баалуулуктардын көйгөйлөрү» аттуу эл аралык онлайн конференция болуп өттү
🔹👨👨👧15-май күнү Кыргыз-Өзбек университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору, ф.и.д., профессор Аида Балтабаеванын демилгеси менен “Ааламдашуу доорундагы үй-бүлөлүк баалуулуктардын көйгөйлөрү” аталышындагы эл аралык онлайн конференция уюштурулду.
🔹Конференцияга Казакстандын, Өзбекстандын , Россиянын, Турциянын, Кыргызстандын жана башка алыскы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан көрүнүктүү окумуштуулары катышты.
🔹Аталган конференцияны Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаев ачып, үй-бүлө баалуулуктарына токтолуп, бала тарбиялоо маселелери боюнча пикирин билдирип, иш-чаранын конокторуна ыраазычылык сөзүн айтты.
🔹Андан соң Кыргыз Республикасынын Билим берү жана илим министрлигинин атынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Ибраимова Гулнара Үмөтбековна өзүнүн пикири менен бөлүштү. Буга улай эле Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович, Ош мамлекеттик педогогикалык институтунун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмырза Бекболотович катышып үй-бүлөдөгү сүйүү, түшүнүү, камкордук маселелерине токтолушту.
🔹Ошондой эле Кыргыз билим берү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтомаметов Алмаз Даткабаевич, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору , филология илимдеринин доктору Садык Алахан, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биринчи проректору, профессор Коңурбаев Тууганбай Абдырахмановичтер катышып үй-бүлөдөгү зомбулуктар, келишпөөчүлүктөр тууралуу пикирлерин билдиришти.
🔹Казак, Өзбек, Түрк окумуштуулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтып,Казакстандагы, Өзбекстандагы, Турциядагы үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө ойлорун ортого салышты.
Конференция эркин, дискуссиялык форматта жүрдү.