Zoom программасынын жардамында онлайн түрүндө КӨУнун Өндүрүштүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
2020-жылдын 30-март күнү саат 10:00дө Zoom программасынын жардамында онлайн түрүндө Кыргыз-Өзбек университетинин Өндүрүштүк кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумга Өндүрүштүк кеңештин кеңейтилген курамынын мүчөлөрү катышты. Күн тартибине 2 маселе алынып чыгылды:
1. Университеттеги окуу процессин аралыктан уюштуруунун жана студенттердин кайтарым байланышынын абалы;
2. Студенттердин билимдерин аралыктан текшерүүнүн жана модулдарды кабыл алуунун жолдору. Биринчи маселе боюнча факультеттердин декандары жана колледждердин директорлору өздөрүнүн түзүмдөрүндөгү абал тууралуу маалымат беришти. Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча т.и.к., доцент Г.К.Өмүрбекова студенттердин билимдерин тесттик тапшырмалар менен googletest программасынын жардамында текшерүү тууралуу кеңири маалымат берди. Жыйынтыгында дистанттык окутуу процессин өз деңгээлинде жүргүзүү, студенттердин кайтарым байланышын жана профессордук-окутуучулар курамынын жоопкерчилигин күчөтүү, 2-модулду графикке ылайык аралыктан уюштуруу боюнча бир нече чечимдер кабыл алынды.