Биздин бүтүрүүчүлѳрдүн кѳпчүлүгү мектептерде, лицейлерде, гимназияларда, коллеждерде, ЖОЖдордо, массалык маалымат каражаттарында, шаардын жана райондордун административдик түзүмдѳрүндѳ ж.б. мекемелерде иштешет. Бүтүрүүчүлѳрдүн дээрлик бардыгы жумуш орундары менен камсыз болушат, себеби азыркы күндѳ билим берүү мекемелеринде мугалимдердин, кызматкерлердин жетишпегендиги болуп эсептелет. Ошондой эле биздин бүтүрүүчүлѳр бир гана орто мектептерде мугалимдик кесипти аркалабастан, белгилүү телеканалдарда журналист, кабарчы, аскердик бѳлүктѳрдѳ катардагы аскер кызматында, айыл ѳкмѳттѳрүндѳ катчы, коллеждерде, ЖОЖдордо катчы, лаборант, окутуучу болуп дагы эмгектенишүүдѳ.