Кафедрада «Славян дүйнѳсү» илимий борбору иштейт. Жыл сайын кафедра конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду ѳткѳрүп келет. 2014-жылда кафедрада тѳмѳнкү илимий иш –чаралар ѳткѳрүлдү:
лермонтовдук окуу, орус акын жазуучуларынын чыгармачылыктарына арналган адабий кечелер, «Терроризм - его истоки последствия» аттуу тегерек стол ѳткѳрүлүп, студенттерге азыркы учурдун проблемасы болгон терроризм, анын терс жактары жѳнүндѳ кеңири маалымат берилип, талкууланды.
Маанилүү иш – чаралардын бири болуп кафедра тарабынан жыл сайын ѳткѳрүлүүчү «Орус тили жумалыгы» эсептелет. Жума ичинде студенттер орус элинин улуттук каада-салты, тамак –ашы, маданиятын даңазалап, ѳз ѳнѳрлѳрүн тартуулашат.
Ар башка факультеттин студенттери «Мыкты окуурман», «Автордук ыр» конкурстарына; орус тили, келечектеги кесип жѳнүнүдѳ макала жазуу, мындан сырткары белгилүү даталарда дубал газета чыгаруу конкурстарына активдүү катышышат.
Кафедра үчүн салтка айланган иш – чаралар болуп конференция, поэзия сааттарын, адабий кечелерди, адабий мааракелерди ѳткѳрүү эсептелет.