ОРУС ФИЛОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

Орус филология кафедрасы 1994жылы КѲЖК менен биргеликте «Тилдер дисциплинасы» кафедрасы болуп түзүлгѳн. Себеби кафедрада орус, кыргыз, ѳзбек, англис тилдеринин окутуучулары эмгектенген. Бул тилдер практикалык түрдѳ каржы-экономикалык, инженер -техникалык, бажы - юридикалык, ѳзбек – педагогикалык, ошондой эле жеңил ѳнѳр - жай факультеттеринде окутулган.
Алгачкы күндѳрү кафедра АПД, ЮБФнын курамына кирген, андан кийин 1998 - жылдан баштап Ѳзбек педагогикалык факультетинен эки кафедра: англис тили кафедрасы жана түрк - славян тилдери кафедрасы болуп түзүлүп, кыргыз, ѳзбек, орус тилдери окутуучуларын бириктирген.
Кафедра түзүлгѳндѳн баштап тилдерди окутуу тѳмѳнкүдѳй шартта жүргүзүлѳт: улуттук мектептерди бүтүргѳн студенттерге орус тили окутулат, ал эми орус мектептерди бүтүргѳн студенттерге кыргыз тили окутулат.
1998-99 - жылдардан баштап ѳзбек тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин даярдап чыгаруу иштери башталгандыгына байланыштуу кафедра бүтүрүүчү болуп эсептелет.
1999 - жылдын сентябрынан түрк славян кафедрасы бѳлүнүп эки кафедра түзүлѳт: түрк тилдери кафедрасы жана орус филология кафедрасы.
Орус филолгия кафедрасы адистерди 540303 «Орус тили жана адабияты» жана 550300 «Филологиялык билим берүү» багытында, Билим берүү жана илим министрлигинин «ЖжОКБ» башкармалыгы тарабынан бекитилген окуу планы (31.07.2007ж., 30.10.2013ж.) боюнча даярдайт.
Кафедрада окутулуп жаткан адистиктер: тил илимине киришүү, адабият таанууга киришүү, фонетика, орус адабияты, элдик оозеки чыгармачылыгы, орус тилинин практикалык курсу жана адабияттары,