| № | Шифр | Багыт(адистик) | Окуунун формасы | Окуу мөөнөтү | Лицензиянын номери, датасы, жарактуу мөөнөтү |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 550400 | Социалдык-экономикалык билим берүү -Тарых -Чыгыш таануу |
Күндүзгү | 4 жыл | Прил. №10 лиц. № LD145000010 Рег. № 14-0520 13.11.2014-13.11.2017 |
| Дистанттык | 5 жыл | ||||
| 2 | 550300 | Филология: -Кыргыз тили -Орус тили -Чет тили |
Күндүзгү | 4 жыл | Прил. №19 лиц. № LD145000010 Рег. № 14-0520 13.11.2014-13.11.2017 |
| Дистанттык | 5 жыл |
Факультеттин ишмердүүлүгү азыркы мезгилдеги окуу процессинин көп кырдуу системасына багытталган. Бул багытта бакалаврдык окуу планын негизинде окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыгууда. Окуу процессине иновациялык форма жана методдор менен сабак өтүү активдүү таралууда.
Тарых-филология факультетинин студенттери ыңгайлуу жана толук жабдылган аудиторияларда билим алышат. Кыргыз, өзбек, орус элдеринин маданий-эстетикалык борборлору, археоло-этнографиялык музейи, китепкана, интернет борборлору биздин студенттердин таанып-билүү ишмердүүлүгүн жогорулатып жатат. Мамлекеттик тилди окутуу жана өнүктүрүү борбору бир гана биздин факультеттин мугалимдеринин жана студенттеринин мамлекеттик тил боюнча билимдерин өркүндөтпөстөн, университет боюнча студенттердин жана окутуучулардын мамлекеттик тилди билүүсүн жогорууга кызматк кылат. Бир канча жылдан бери Мамлекеттик тил борборунда чет өлкөлүк жана башка улуттун өкүлдөрү үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары, ошону менен бирге иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү колго алынып келе жатат. Бүгүнкү күндө факультетте 25 окуу аудиториясы, 2 компьютердик класс бар. Кафедралар аудио-видео аппараттар жана орг.техникалар менен камсыздалган.
Факультетте ар бир кафедранын багытына жараша жалпы илимий темалар жана жетекчилер бекитилген. Алар: профессор О.А. Тогусаков, А.А. Асанканов, А. Акматалиев жана А.К. Кулназаров, А.С.Кацев. Факультетте 2 докторлук, 10 кандидаттык диссертациянын үстүндө иш алып барылууда. Ага окутуучулар: Р.Э.Алиева, Н.Д. Тилекова, Б.Т.Исмаилова, М.М. Ташалиева, С.К.Эшмановалар диссертацияларын коргоо алдында.
Факультет илимий-эл аралык, аймактык конференцияларды өткөрүү боюнча бай тажрыйбага ээ. Университетте факультеттин сунушу аркылуу жана уюштуруусу менен «Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон улуу инсандар»,
«И. Раззаков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер», «Курманжан Датканын кыргыз тарыхындагы ээлеген орду», «Уркуя Салиеванын кыргыз тарыхынан алган баасы», «Жеңиш күн-улуу күн», «Майрамдардын эң улуусу-Жеңиш күн», «Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөнүнө - 1170 жыл», «Кыргыздардын суу жөнүндөгү салттуу билимдери: тарых, маданият, фольклор» деген темаларда эл аралык, аймактык, илимий-практикалык конференциялар болуп өткөн.