Кафедра жетекчилигинде факультетте салтка айланган 3-курстардын арасында атайын «Биздин достугубуз биздин биримдигибиз» кечеси жыл сайын уюштурулуп турат. Бул майрамдарда студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдин маданиятын көрсөтүп, ошондой эле ар улуттун маданияты чагылдырылган ыр-майрам кечелер өткөрүлүп турат. Андан сырткары атайын улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында куратордук сааттар өткөрүлүп, студенттерге кеңири маалымат берилет.
31-октябрь «Halloween» американын улуттук майрамы студенттер тарабынан салттуу түрдө белгиленип, майрамдык концерттик программалар, улуттук тамак-аштары, кийимдери жалпы традициялары көрсөтүлөт. Ошондой эле 31-ноябрда болсо «Thanksgiving day» майрамдары өткөрүлүп, кайрымдуулук иретинде чогулган буюмдар, акчалар атайын «Балдар үйлөрүнө» жардам катары берилип турат.
Таланттуу студенттерди колдоо максатында көпчүлүк студенттер атайын «Лидердик мектептерде» коомдук фонддордо билим алышып, таланттарын өркүндөтүшөт. Түзүлгөн шарттар студенттер үчүн сапаттуу билим алууга, алардын чыгармачыл таланттарын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.