Илимий изилдөө иштери боюнча «Англис филологиясы» кафедрасында англис тили жана адабияты адистигин даярдоо үчүн тажрыйбалуу, илимий жана педогогикалык жактан дасыккан кадрлар тандалып алынган.
Кафедра негизинен «англис тилин окутуунун жаңы усулдары» деген илимий теманын үстүндө алгылыктуу иш алып барууда. Окутуучулар төмөндөгү илимий темалардын негизинде иш жүргүзүүдө: «Социолингвистика» , «салыштырма тил илими» , «англис тилин окутуунун интерактивдүү методдору».
«Англис филологиясы» кафедрасы Ош жергесинде гана эмес, түштүк жергесиндеги университеттердин арасында англис тили жана немис тили адистигин даярдаган эң мыкты кафедралардын бири. Кафедра өз ишин баштагандан тартып эле чыгыш өлкөлөрү менен эл аралык мамиледе байланышып, Америка, Германия, Турция, Корея, Түркменистан сыяктуу өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери менен кызматташып келүүдө. Бүгүнкү күндө «Англис филологиясы» кафедрасында заманбап эл аралык стандарттарга жооп берген ресурстук борбор жана Батыш билим берүү борбору түзүлүп, интернет түйүнү менен байланышкан мультимедиялык класстардын тармагын камтыйт. Борборлордо студенттер жана окутуучулар үчүн шарттар түзүлүп, сабак өтүүдө планшет, ноутбук, маркердик, интерактивдик доска, проектор, интернет аркылуу окуу тажрыйбаларын ишке ашырышат.
Атайын келишимдин негизинде биздин кафедранын окутуучулары жана студенттери Америкага, Германияга Түркияга стажировкага барып келүү мүмкүнчүлүктөрү бар.
• Илимдин магистири Абакулов Равшан жана Пазилова Тунукай Казакстан Республикасынын Шымкент шаарында откорулгон 14- Эл аралык “ Уч тилде окутуунун мумкунчулукторун уйронуу” атту конференцияда катышып, илимий макалалары Казакстандагы илимий журналда жарыкка чыкты.(29-30.03.17)
• Доцент Д.С. Сайидыраимова “ Анализ произведения “Изгнание” немецкого писателя Леона Фейтвангера”деген темада эл аралык “ Кыргыз Республикасында Президенттик институттун пайда болуусу,калыптануусу, онугуусу жана келечеги” аттуу конференция, “Учурдагы гуманитардык жана так илимдердин койгойлуу маселелери”деген 3-секциясында доклад жасады.(08.12.17)
• Ч.Р.Шарипова “ Некоторые семантические особенности колеронимов в немецком языке.” деген темада эл аралык “ Кыргыз Республикасында Президенттик институттун пайда болуусу,калыптануусу, онугуусу жана келечеги” аттуу конференция, “Учурдагы гуманитардык жана так илимдердин койгойлуу маселелери”деген 3-секциясында доклад жасады.(08.12.17)
1. Кафедранын доценти Д.С.Сайидырахимова жетектеген «Клуб английского языка»;
2.Улук окутуучу Ташбаева Г жетектеген «Little Star»;
3.Магистр Абакулов Р.А., жетектеген «Повышение уровни среди молодежи”;
4.Немис тилинен окутуучу Шарипова Ч.Р., жетектеген « Клуб немецкого языка»;
5.Жаштар умуту тарабынан Канадалык волонтер Zakhari D.Entermont жетектеген “ Speaking Club”;
6. Америкадан келген Fellow Vanda Simpson Ly жетектеген “English House ”;
7.Туркия Юнус Эмре институти тарабынан тузулгон “Туркче Ооретим сети” Орхан Алтынтуш ж.б.у.с.жетектеген илимий ийримдери иштеп келет. Ийримдерге студенттер жана мугалимдер активдуу катышууда. Бул ийримдердин негизги максаты студенттерди адабий чыгармаларды окууга кызыктыруу, кеп маданиятын уйротуу жана билимин оркундотуу.