ОКУУ УСУЛДУК ИШТЕР

Кафедра университеттин билим берүү ишмердүүлүгүнө берилген лицензияга ылайык жана мамлекеттик билим берүү стандартына көрсөтүлгөндөй, багыт жана адистиктер боюнча окуу пландарында бекитилген дисциплиналарды окутууну камсыз кылат. Ошондой эле кафедра окуу процессинде студенттердин тандоо жана атайын курстарын иштеп чыгат.
Кафедранын профессордук окутуучулук курамы окуу пландын, окуу жүктөмдүн негизинде окутуунун баардык формалары боюнча лекция, практикалык семинарларды жүргүзүүдө. Кафедра студенттердин өз алдынча жумуштарын башкарууну, аралык жана жыйынтыктоочу аттестацияларды өткөрүүнү камсыз кылууда.
Окуу планында көрсөтүлгөнгөй ар түрдүү практикаларды өткөрүү максатында түрдүү мекеме уюмдар менен түздөн-түз байланыштарды жүргүзүүдө.
Кафедра окуу-усулдук жумуштарды , окуу жараянын жогорку деңгээлде уюштурууга чоң көңүл бурат. Ал үчүн кафедранын дисциплиналарына окуу усулдук комплекстерди, заманбап инновациялык технологияларды колдонуп, окуу усулдук колдонмолорду, көрсөтмө куралдарды, программалык жана информациялык материалдарды окуу процессинде колдонуу үчүн түзүүдө.
Семинарларга, конкурс тренингдерге жана проектилерге катышуу. Кафедранын окутуучулары Белекова К.К., Абакулов Р.А., Джалиев А.Б., сентябрь айында өткөрүлгөн Америка элчилиги тарабынан уюштурулган «Basic communicative methodology course» деген темада атайын тренинге катышып келишти.
Ошондой эле Джалиев А.Б., Абакулов Р.А., июль - сентябрь айында бүткүл кыргызстандын мугалимдери үчүн уюштурулган симпозиумда «pecha-kycha» аттуу лекциясын өткөрүп беришти. Жогоруда аталган симпозиумда Белекова К.К., «Teaching English through mobile phone» деген темада тренинг өтүп беришти.
Кафедранын улук окутуучусу Джураев А.А. сентябрь айында Жалал-Абад шарында өткөрүлгөн Америка элчилиги тарабынан уюштурулган «AEPEC» конференциясына катышып, атайын сертификатка ээ болду. Ошондой эле ноябрь айында Кара-Суу районундагы К. Жакыпов атындагы мектеп интернатында, жаш мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулган тренинг өткөрдү.
Ошондой эле кафедранын улук окутуучусу Абакулов Р.А., ноябрь айында Америка элчилиги тарабынан уюштурулган гранты утуп алып, «чет тилин окутуунун интерактивдүү методдору» деген темада ош областындагы мугалимдерге атайын тренинг өттү. Андан сырткары Шарипова Ч.Р., Абакулов Р.А., Ташбаева Г.А., ОшМУда ачылган магистратурада өз билимдерин өркүндөтүү максатында окуп жатышат. Кафедранын дагы бир окутуучусу Кайкыбашева А.К., өзүнүн «немис тилиндеги салыштырмалуулуктар » деген темада өзүнүн илимий ишин коргоо алдында турат.