Кафедра 2002-жылдын сентябрь айынан тартып өзүнүн ишмердүүлүгүн баштаган. Кафедранын алгачкы мезгилде 2002-2003 жж. «Лексика жана фонетика» деп аталып, 2003- жж кафедра «Англис филологясы» деп аталып кайрадан түзүлгөн. Кафедрага ушул жылдары аралыгында Аипова Г.Т., ага окутуучу Алишова Р.А., ага окутуучу Джураев А.А., О.К., ф.и.к. Белекова К.К.. жетектеген. Учурда кафедраны профессор Кулназаров А.К. жетектөөдө. Азыркы учурда кафедранын курамы 13 мүчөдөн турат. Алардын ичинде илимдин 1 доктору профессор, 2 кандидаттары, 5 ага окутуучу жана 5 окутуучулар эмгектенүүшүдө.
«Англис филологиясы» кафедрасы окуу, илимий, маданий-массалык, ж.б. ишмердүүлүгү менен ийгиликтерди жаратып, 10 жылга жакын убакыт ичинде, ОшМСУнун эӊ мыкты кафедраларынын катарын толуктап келе жатат.
Профессордук- окутуучулук курамы, илимий изилдөө иштери
Профессорлук-окутуучулук курам Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ар түрдүү тажрыйба-билим алган жигердүү , жаш, келечектүү, жогорку квалификациялуу адистерден топтолгон.
«Англис филологиясы» кафедрасы Тарых – филология факультетиндеги кафедралардын бири болуп эсептелинет. Кафедранын жамааты өзүнүн иш-аракеттерин англис жана немес тили адистиги боюнча практикалык жактан жетилген сапаттуу адистерди даярдоого, студенттердин профессионалдуу жана теориялык жактан терең билим алуусуна жумшоодо, ошондой эле алар өздөрүнө тапшырылган тапшырмага жоопкерчилик менен мамиле жасашып, жаңы инициативаларды жана чыгармачылыктарын көрсөтүү менен илимий – изилдөө иштеринин үстүнөн иштешүүдө. Кафедрада жалпысынан 13 окутуучу эмгектенет: алардын ичинен 1 илимдин доктору, 2 илимдин кандидаты, 5 улук окутуучу, 5 изденүүчү-окутуучулар бар.