«Аспирантурага кабыл алуу жана бүтүрүү” аземи өттү
2022-жылдын 15-апрель күнү Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан “Аспирантурага кабыл алуу жана бүтүрүү” аталышындагы салтанаттуу азем уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.
Аземдин жүрүшүндө аспиранттар жаңы жасалгаланган илим изилдөө борборлору менен таанышышып, жеткиликтүү маалымат алышты.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү чоң жыйындар залында улантылып, бүтүрүүчү аспиранттарга сертификат, ал эми кабыл алынган аспиранттарга күбөлүк жана төш белги тапшырылып, атайын уюштурулган концерттик программа менен жыйынтыкталды




