Кыргыз филология кафедрасы

 К а ф е д р а н ы н   т а р ы х ы

1997-жылдын түрк-славян филологиясы кафедрасы түзүлүп, кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Р.У.Алиева жетектеген.

Ушул эле жылдын сентябрь айында түрк — славян филологиясы кафедрасынан түрк филологиясы кафедрасы бөлүнүп чыгып, кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент О.М.Тожиев башкарган.

Кыргыз – Өзбек университетинде кыргыз тили жана адабияты адистиги ачылгандыгына байланыштуу 2000-жылдын сентябрь айында түрк филологиясы кафедрасынан кыргыз филология кафедрасы бөлүнүп чыгып, кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.К.Койчуманова жетектеген.

2001-жылдын март айында кафедраны улук окутуучу Б.Э.Байтиков жетектеген.

2001-жылдын сентябрь айынан 2008-жылдын декабрына чейин филология илиминин кандидаты, доцент Б.К.Үкүева жетектеп келген.

2009-жылдын январь айынан 2018-жылдын ноябрына чейин п.и.к., доцент Н.Д.Тилекова жетектеп келген.

2019-жылдын январынан баштап филология илиминин кандидаты, доцент Б.Т.Исмаилова жетектеп келүүдө.

Кыргыз тили жана адабияты адистиги ачылган жылдан бери 500дөн ашуун бүтүрүүчү аяктап, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жана кошуна өлкөлөрдүн билим берүү жана башка тармактарында эмгектенип келишүүдө.

Жыл сайын окуу планынын негизинде 1-курстун студенттери фольлордук-диалектологиялык практиканы Түштүк региондорунун райондорунда жана Өзбекстан Республикасынын Андижан областынын райондорунда өткөрүп, анын жыйынтыгы катары фольклордук материалдар мол жыйналып, дипломдук, курстук иштер жазылып келүүдө.

Кафедранын окутуучулары квалификациясын жогорулатуу максатында республикалык, областтык деңгээлдеги өткөрүлгөн семинарларга, бардык республикалык, регионалдык илимий-конференцияларга катышып турушат.

Кыргыз филология кафедрасы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мамлекеттик аттесстациядан өткөрүлүп лицензиясы 2019-жылга чейин узартылды.

2012-жылдын сентябрь айынан баштап Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим министрлигиндеги  реформага ылайык ЖОЖдордогу эки баскычтуу билим берүү системасына өткөндүгүнүн  негизинде кафедра Филологиялык билим берүү багытындагы кыргыз тили жана адабияты профили боюнча  бакалавр даярдайт.

 

 

 

 

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial