Чет тилдери кафедрасы тарабынан энелер күнү белгиленди

 

🌹19-май күнү КӨУнун чет тилдери кафедрасынын окутуучулары тарабынан «Эне-жашоо булагы» аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү.

🌹Кечени университетибиздин аялдар кеңешинин төрайымы Жээнбекова Жийдегүл Акиевна жана кафедра башчысы доцент Д.Ы.Жусупова куттуктоо сөз сүйлөп кечени ачып берди. Кечеге университетибиздин жогорку билим берүү багытында окуп жаткан факультеттердин (багыты англис тили эмес) 1-курстары, энелер жана окутуучулар катышты.

🌹Таланттуу студенттердин чыгармачылыгын чагылдырган иш-чаранын жүрүшүндө энелердин улуулугун, ыйыктыгын жана кымбаттыгын англис,түрк, кыргыз, өзбек, орус, корей, кытай тилдеринде даңазалашып энелерге арналган ырларды көркөм окууп, обондуу ырлар, сахланыштырылган көрүнүштөр, эне жөнүндө баллада, монологдор менен коштолду.

🌹Маданияттын мыкты кызматкери Айпери Кулбаева кеченин сыйлуу коногу болуп. жагымдуу чыгармаларынан аткарып берди.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial