Юридика-бажы факультетинде бүтүрүүчүлөрдүн кечеси өттү

Бүгүн, 1-июнь күнү юридика-бажы факультетинде бүтүрүүчүлөр кечеси өткөрүлдү.
Кечеге университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, юридика-бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева катышты.
Бүтүрүүчүлөргө арналган майрамдык иш-чарада факультетте окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган, маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышкан студенттерге университеттин, факультеттин Ардак грамоталары жана факультеттин стипендиялары тапшырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial