Эки тараптуу кызматташтык
2022-жылдын 27-май күнү 1+1, 2+2 билим берүү программасынын алкагында Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык программалар боюнча жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, доцент Киреев Олег Леонидович каржы-экономика факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери менен жолукту.
Жолугушууда экономика, социалдык иш багыттары боюнча 1+1, 2+2 билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Ошондой эле эки окуу жайдын өкүлдөрү биргелешип жүргүзүп жаткан иштери, алдыдагы пландары тууралуу эки тараптуу ойлорун ортого салышты.
Бул иш-чарага «ВОЕНМЕХ» Балтика мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү онлайн режиминде катышты.
Аталган иш аракеттер Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана инвестиция департаменти тарабынан уюштурулуп келет.




